|
Памир жана Туркия кыргыздарынын көйгөйү
2012-жылдын 16-апрелинде «Замандаш» ассоциациясынын кеңсесинде «Замандаш» ассоциациясы жана «Кыргыз бутагы» коомдук фондунун макулдашуусу алкагында жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Ооганстанда жашаган Кичи Памирден Азизхандын экинчи уулу Абдул Рашид, Туркиядан Касымбек Варул Шакир уулу (мурда Улуу Памирден Туркияга Рахманкул хан менен көчүп барган), Кутлу Мусадык (Рахманкул… подробнее |
|
Подписано Соглашения о сотрудничестве между Ассоциацией «Замандаш» и Общественным фондом «Кыргыз бутагы»
03-апреля 2012 года Ассоциация «Замандаш» подписала соглашение с Общественным фондом «Кыргыз Бутагы» в целях консолидации сил в рамках создаваемой межправительственной рабочей группы «По этническим кыргызам с Малого Памира». Следует напомнить, что это единственная кыргызская организация, которая достигла стойбища и места проживания кыргызов Ваханского коридора… подробнее |
|
«Киргизия - Урал» коомдук уюму - кыргыз диаспорасына 15 жыл толду
Ортоңку Уралда отурукташкан кыргыздардын алгачкы муунун Совет доорунда окууга жана комсомолдук жолдомо менен жумушка келип, дагы бирөөлөрү аскердик милдетин өтөгөндөн кийин калып калгандар түзөт. Кийинки муунга СССР тараган 1991-жылдан азыркы убакка чейин келип жаткан мекендештерибиз кирет. Ушул жылдары миграциялык агым күчөп, Кыргызстандан Свердлов областын жана анын борбору Екатеринбург… подробнее |
|
В РФ готовят амнистию для мигрантов
В России разрабатывается проект закона о миграционной амнистии. За эту работу взялся фонд "Миграция XXI век". Через полгода документ должен быть представлен правительству. В основном амнистия будет рассчитана на трудовых мигрантов, хотя разработчики настаивают, что "прощение" должны получить и те, кто давно живет в нашей стране и хочет… подробнее |
|
Урмат Жамгырчиев, юрист-представитель Ассоциации «Замандаш» в г.Соль-Илецк: «Государству необходимо уделять внимание повышению информированности граждан, выезжающих зарубеж на заработки»
Контроль за пребывание иностранных граждан и трудовых мигрантов усилился со стороны контролирующих органов. С начало текущего года с одной только Оренбургской области 5 граждан Кыргызстана были выдворены за различные нарушения миграционного законодательства. Ссылаясь на Федеральный Закон №115, «О правовом положении иностранных граждан в Российской Федерации» от 25.07.2002г., в… подробнее |
|
Команда "Манас Ата" заняла третье место в Первом региональном открытом турнира среди мужчин по волейболу "Дружба народов - 2012
13 мая в универсальном спортивном комплексе МТЛ «Арена» г. Самара прошли финальные игры Первого регионального открытого турнира среди мужчин по волейболу "Дружба народов - 2012", где команда «Манас-Ата» заняло III-место. Данный турнир был проведен в рамках календарного плана официальных физкультурных и спортивных мероприятий Самарской области на 2012 г. подробнее |
|
Наши партнеры
Голосование
Каковы перспективы Кыргызстане в Таможенном союзе:
|
20.02.12 12:33
2010-жылы “Замандаш” ассоциациясынын сунуш-демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы менен биргеликте “Мекеним - Кыргызстан” акциясынын жобосу иштелип чыгып, Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринде “Мекеним-Кыргызстан” акциясы 2011-жылдын апрель айынан старт алып быйыл жемишин № 28 мектеп-лицейинин залында берди. Акциянын максаты чет мамлекеттердеги кыргыздардын эне тилин унутпасына кам көрүү, мекендештерибизди моралдык жактан колдоо, карым-катнаш түзүү болгон. Бул акция ошондой эле өспүрүмдөрдү кыргыз тилинде туура жаза билүүгө, оюн билдирүүгө үйрөтөт. Акцияга республиканын билим берүү мекемелеринин 5-11-классынын мектеп окуучулары, студенттер, мугалимдер катышкан. Мисалы, 5-8-класстын окуучулары “Мекеним - Кыргызстан” деген темада А-4 форматында альбом барагына Кыргызстандын ажайып кооз жерлерин сүрөткө тартып же кол өнөрчүлүк ийримдерде ар кандай материалдардан жасалган кыргыздын ар түрдүү улуттук буюм-тайымдарды, сувенирлерди ж.б. тапшырышкан. 9-11-класстын окуучулары “Салам, мекендешим!” деген темада кат түрүндөгү дилбаяндарды жазышкан. Окуучулар катта өздөрү жөнүндө билдирип, ал жактагы жердеши, досу, курбусу же тууганына эли-жери, кубанычы, ийгилиги, жаңылыктары, пландары менен ой бөлүшкөн. Мугалимдер кыргыз тилинен көрсөтмөлүү ачык сабактардын, план-конспектилердин, “Нооруз”, “Ыр кесе”, “Үлүш”, “Чечкор” ж.б. улуттук майрамдарына, каада-салттарга, 1-сентябрь - Билим күнү, 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү, 21-февраль - Эне тил күнү, 23-апрель - Китептер күнү, 5-октябрь - Мугалимдер күнү ж.б. класстан тышкаркы иш чараларды өткөрүүнүн план-сценарийлерин жиберишкен. 2012-жылдын 17-февраль күнү №28 мектеп-лицейинде акциянын жыйынтыгы чыкты. Иш-чарага “Замандаш” ассоциациясынын аткаруучу директорунун орун басары Олжобаев Айдар Сүйүндүкович жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билим берүү бөлүмү, акциянын жеңүүчүлөрү, шаардык мектептердин мугалимдери катышышты. Атайын түзүлгөн калыстар тобу жеңүүчүлөрдү аныктап чыккан. Калыстардын чечими менен жеңүүчүлөр, баалуу белектер жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын диплому, ардак грамота, төш белгилер менен сыйланды. Келип түшкөн материалдарды чет мамлекеттеги (Казакстан, Орусия, Түркия, Кытай, АКШ ж.б.) 27 кыргыз диаспорасына, 14 маданий борборго, 6 жекшембилик кыргыз мектептерине жеткирүү үчүн “Замандаш” ассоциациясы кабыл алды. “Замандаш” ассоциациясы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билим берүү бөлүмү менен биргеликте бул иш-чара натыйжалуу болуп жана кийинки жылы республикалык масштабда өткөрүлө турганын белгилеп кетишти.
Дата создания: 20.02.12 12:33
Дата обновления: 21.02.12 09:33
|
Представительство
14.05.12 19:26
Команда "Манас Ата" заняла третье место в Первом региональном открытом турнира среди мужчин по волейболу "Дружба народов - 2012
23.04.12 10:44
В Екатеринбурге прошел День народов Среднего Урала
Архив
Рассылка
|












